Факультет экономики и менеджмента

Тракторлор жана автомобилдер кафедрасы

Кафедранын тарыхы жана миссиясы

«Тракторлор жана автомобилдер» кафедрасы 1952-жылы уюштурулган. Кафедранын алгачкы башчысы болуп техника илимдеринин кандидаты, доцент М.П. Подсевалов (1952-1974-жылдары кафедра башчысы) дайындалган. 1952-жылдан 2000-жылга чейинки ар кандай мезгилдерде төмөнкү инсандар кафедрада кызмат өтөшкөн: техника илимдеринин доктору, профессор Нусупов Э.С. (1994-2000-жылдары кафедра башчысы); техника илимдеринин кандидаттары, доценттер – Белов И.П., Петренко Е.Я. (1974-1980 жана 1984-1987-жылдары кафедра башчысы), Кирьянов В.М. (1980-1984-жылдары кафедра башчысы), Фефелов В.А. (1987-1992-жылдары кафедра башчысы), Осмонов Ы.Ж., Шаболотов Т.Т. (1992-1994-жылдары кафедра башчысы), Маткеримов Т.Ы., Савенков В.М., Малаев М.Д.; окутуучулар Никулин Л.К., Широков Н.Ф., Якимов Н.И., Костенко К.Н., Долгополов А.И., Борисов А.И., Белов А.И., Боргулов Д.А., Мажинов К.К., Эсенаманов Ш., Болотов Э.А., Суюнтбеков И.Э жана башка  профессордук-окутуучулар курамы.

2000-жылдан баштап кафедраны техника илимдеринин кандидаты, доцент,  Кыргыз Республикасынын билим берүү жана айыл чарбасынын отличниги Жусупов Урматбек Токтомаметович жетектеп келүүдө. Азыркы мезгилде кафедрада төмөнкү профессордук-окутуучулар курамы кызмат кылууда: техника илимдеринин кандидаты, саясий илимдердин доктору, профессор Шаболотов Тажимамат Тайгараевич; техника илимдеринин кандидаттары, доценттер Саматов Манас Парманович жана Мурзалиев Мансур Маматкулович; экономика илимдеринин кандидаты, доцент Алымбеков Жолдошбек Токтогулович; ага окутуучулар Айтуганов Бакытбек Шаршеналиевич, Акматова Рима Эсенгуловна, Акматова Сымбат Жамаловна, Рыскулова Дамира Замирбековна, Токтобердиев Анварбек Арзибекович; лаборатория башчысы Доотуев Таалайбек Өскөнбекович. Кафедранын илимий  даражалуулугу 50% түзөт.

Кафедранын жогорку квалификациялуу профессордук-окутуучулар жамааты, заманбап жабдуулар менен камсыз болгон окутуу лабораториялары, материалдык-техникалык базасы, агрардык тармактын бүгүнкү талаптарына ылайык жогорку квалификациялык, кесипкөй адистерди даярдоого  мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Кафедранын стратегиясы – жогорку билим берүү системасындагы агрардык инженерия багыты боюнча иш алып баруучу кафедраларынын алдынкы катарын ээлөө, сактоо жана өнүктүрүү.

Кафедранын миссиясы – экономикалык кырдаал тынымсыз өзгөрүп турган учурга ылайык, техникалык прогрессти камсыз кылууга жөндөмдүү агроинженерия багытындагы адистер менен айыл чарбасынын реалдуу муктаждыктарын канааттандыруу үчүн заманбап сапаттагы жогорку техникалык билим берүүнү уюштуруу.

НАПРАВЛЕНИЯ ПОДГОТОВКИ КАФЕДРЫ «ТРАКТОРЫ И АВТОМОБИЛИ»

  1. “Тракторлор жана автомобилдер” кафедрасы 610300 – «Агроинженерия» багытынын «Агроөнөржай комплексиндеги техникалык сервис» профили боюнча бакалаврларды жана магистрлерди даярдап бүтүрүүчү кафедра болуп эсептелет.

    Кафедра керектүү материалдар менен жабдылып, лабораториялар жана аудиториялар менен камсыздалган:

    • окуу жана илим-изилдөө, автотрактордук кыймылдаткычтарды диагностикалоо жана сыноо боюнча лабораториясы;
    • тракторлордун жана автомобилдердин конструкциялары боюнча окуу лабораторияларында, тракторлордун жана автомобилдердин ичтен күйүүчү кыймылдаткычтардын кесилиштери, агрегаттары жана түйүндөрү ошондой эле Т-150К жана МТЗ-82 тракторлорунун окуу макеттери орнотулган;
    • автотрактордук кыймылдаткычтардын азыктандыруу системасынын элементтерин жөндөө жана диагностикалоо боюнча окуу лабораториясы;
    • ишенимдүүлүк жана машиналарды оӊдоо боюнча окуу лабораториясы тийешелүү стендтер жана шаймандар менен жабдылган;
    • материалдарды таануу жана конструкциондук материалдардын технологиясы боюнча окуу лабораториясы тийешелүү машина куруу станоктору, стендтер жана приборлор менен жабдылган;
    • жашоо тиричилик коопсуздугу сабагы боюнча окуу лабораториясы.

     

    Кафедрада дөңгөлөктүү жана каз тамандуу тракторлор, жүк ташуучу автомобилдер бар. Акыркы жылдары кафедранын материалдык-техникалык базасын жаңылоо иштери башталды, университеттин эсебинен «Беларусь-320,4» жана «Беларусь-892,2» үлгүсүндөгү заманбап тракторлор алынды.

     Япониянын IH-AI-STAR компаниясы SHIBAURA ST330 мини-тракторун тапшырды. К.И. Скрябин атындагы КУАУнин жана Беларусь Республикасынын Минск трактор заводунун ортосундагы кызматташтыктын алкагында «МТЗ-Холдинг» жана Кыргыз Республикасынын «Автомаш-Радиатор» ЖЧКсы аркылуу заманбап МТЗ-82 тракторунун окуу макети, көрсөтмө материалдары жана окутуу үчүн электрондук каражаттар менен жабдылган, МТЗ тракторлорунун конструкциялары боюнча окуу лабораториясы ачылган.

  1. Кафедра башчысы У.Т. Жусупов «Кыргыз Республикасынын шартында күрүч өндүрүүнүн технологиясын жана техникалык каражаттарын өнүктүрүүнүн илимий негиздери» деген темада докторлук диссертациясынын үстүндө иштеп жатат. Бул темада 25 илимий макала жарык көргөн. Учурда У.Т. Жусупов, «Күрүчтү кайра иштетүүнү механизациялоонун агымынын технологиясын жана каражаттарын иштеп чыгуу» деген темада мамлекеттик бюджеттик изилдөө иштерин жүргүзүүдө.

     Бул долбоордун аткаруучулары болуп кафедранын аспиранты жана изилденүүчүлорү Акматова С.Ж., Акматова Р.Э., Доотуев Т.О., Рыскулова Д.З. жана Токтобердиев А.А. иш алып барышууда.

    Аспирант Доотуев Т.О. «Күрүчтү чаап-жыйноочу орнотмонун параметрлеринин негиздемеси» деген темада кандидаттык диссертациянын үстүндө иштеп жатат. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча 8 илимий макала жарык көргөн.

     Изилденүүчү Акматова С.Ж. “Бакча өсүмдүктөрүн себүү жана тамчылатып  сугаруунун жабдуусун иштеп чыгуу” деген темада кандидаттык диссертациянын үстүндө иштеп жатат. Бул темада 8 илимий макала жарыяланып, 2 патент алынган.

              Техника илимдеринин кандидаты, доцент Мурзалиев Мансур Маматкулович “Кой чарбачылыгындагы калдыктардын экологиялык коопсуз технологиясы жана техникалык каражаттары” деген темада докторлук диссертациясынын үстүндө иштеп жатат. 8 илимий макалалары жарык көргөн.

                Изилденүүчү Айтуганов Б.Ш. «Кыргыз Республикасынын айыл     чарбасын  жүргүзүүчү субъекттер үчүн машиналар системасын иштеп чыгуу» долбоору боюнча иш алып барат. Бул темада 6 илимий макала жана 5 ойлоп табуу патенттери жарык көргөн.  

     

Состав кафедры

Жусупов Урматбек Токтомаметович

Заведующий кафедрой, кандидат технических наук, доцент, Отличник образования, отличник сельского хозяйства КР.

E-mail: urmat-45@mail.ru

Кеңири...

Шаболотов Тажимамат Тайгараевич

Отличник образования, отличник сельского хозяйства КР. Государственный советник Кыргызской Республики II класса, к.т.н., д.полит.н., профессор.
E-mail: tusur2030@gmail.com
Кеңири...

Саматов Манас Парманович

к.т.н., доцент
E-mail: manassamatov11@gmail.com
Кеңири...

Алымбеков Жолдошбек Токтогулович

к.э.н., доцент
E-mail: joldosha@mail.ru
Кеңири...

Мурзалиев Мансур Маматкулович

к.т.н., доцент
E-mail: mansur101066@mail.ru
Кеңири...

Айтуганов Бакытбек Шаршеналиевич

старший преподаватель
E-mail: bakytbek_1979@mail.ru
Кеңири...

Акматова Рима Эсенгуловна

старший преподаватель
E-mail: rima.akmatova@mail.ru
Кеңири...

Акматова Сымбат Жамаловна

старший преподаватель
E-mail: symbat.akmatova@mail.ru
Кеңири...

Рыскулова Дамира Замирбековна

старший преподаватель
E-mail: dryskulova_1981@mail.ru
Кеңири...

Токтобердиев Анварбек Арзибекович

старший преподаватель
E-mail: toktoberdiyev@mail.ru
Кеңири...

Доотуев Таалайбек Осконбекович

заведующий лабораториями.
E-mail: taalaibek_dootuev@mail.ru