Факультет экономики и менеджмента

Колдонмо механика, физика жана инженердик педагогика кафедрасы

Кафедранын кыскача тарыхы

Колдонмо механика, физика жана инженердик педагогика кафедрасы жеке эле инженердик–техникалык факультеттин гана эмес, университеттин да негизги жана маанилүү окуу–илимий бөлүмү болуп эсептелет. Кафедранын ишмердүүлүгү окуу–усулдук, илимий–изилдөө, эл аралык, кесиптик тандоо иштерин уюштурууга багытталган. 1952–жылы гидромелиоративдик факультетинде Материалдар каршылыгы кафедрасы түзүлгөн.

1957–жылы кафедра айыл чарбасын механизациялаштыруу факультетинин курамына кирген. 1967–жылы Материалдар каршылыгы кафедрасы эки кафедрага бөлүнгөн. Гидромелиоративдик факультетинин курамында Курулуш механикасы кафедрасы жана айыл чарбасын механизациялаштыруу факультетинин курамында Машиналардын жана механизмдердин теориясы, машина тетиктери кафедрасы 1988–жылы Машина жана механизмдердин теориясы, машина тетиктери кафедрасы, Колдонмо механика кафедрасы болуп түзүлгөн.

1952–жылдан баштап Колдонмо механика кафедрасын төмөнкү инсандар жетектеген: Спехалъский В. Е. – Материалдар каршылыгы кафедрасынын негиздөөчүсү, (1952–1970–жж.) Курулуш механикасы кафедрасын жетектегендер: доцент Торопов А. М. Машина жана механизмдердин теориясы, машина тетиктери кафедрасынын негиздөөчүсү (1957–1978–жж.), техн. и. к., доцент Гра­овой И. И. (1979–1981–жж.), техн. и. к., доцент Молотников В. Я. (1979–1991–жж.), техн. и. к., доцент Ковшов А. Г. (1991– 1993–жж.), техн. и. к., доцент Шурупов В. К. (1984–1994–жж.), техн. и. к., доцент Денисенко В. Я. (1978–1996–жж.), техн. и. к., доцент Турусбеков Ж. (1998– 1999–жж.), техн. и. к., доцент Элеманов Ч. 3. (1989–2008–жж.), техн. и. д., профессор Темирбеков Ж. Т. (2000–2001– жж.), техн. и. к., доцент Назаров С. Ө. (2001–2008–жж.), техн. и. к., доцент Мелис уулу Данислан (2008–2012–жж.), 2012– жылдын ноябрь айынан баштап техн. и. к., доцент Токтоналиев Б. С. жетектеп келүүдө.

2013–жылы КУАУнин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен Колдонмо механика жана физика кафедрасы түзүлгөн.

2015–жылы Колдонмо механика жана физика кафедрасы менен Психология жана инженердик педагогика кафедрасы бириктирилип, КУАУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен Колдонмо механика, физика жана инженердик педагогика кафедрасы түзүлгөн.

БӨЛҮМДҮН ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИ

Окуу иштеринен тышкары кафедрада илимий–изилдөө иштери кеңири жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары JICA (Япония) долбоору менен тыгыз кызматташуунун негизинде, техн. и. к., профессорлор: Ж. Т. Темирбеков, Б. С. Султаналиевдердин жетекчилигинин астында, факультеттин кызматкерлери: Мелис у. Д., Токтоналиев Б. С., Турдукулов С. Н., Байдөлөтов Ш. К., Тезекбаев Т. С., Дөөтүев Т. Ө. тарабынан био- жерсемирткичтерди чачкычтын РЖБ–1, 0, РЖБ–1, 0К, РЖБ–3, ОК жана органикалык жер семирткичтерди чачкычтын (РОУ–3) конструкциясы иштелип чыкты, жасалды жана эксперименталдык изилдөөлөр жүргүзүлдү.

Азыркы күндө аталган долбоордун негизинде, органикалык жер семирткичтерди жогорку жүк көтөрүмдүү био-жерсемирткичтерди чачкычтын жана картошка казгычтын конструкцияларын иштеп чыгуу боюнча илимий–изилдөө иштери жана тажрыйба конструктордук иштери жүргүзүлүүдө.

Германия Республикасынын экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү федералдык министрлиги тарабынан каржылануучу, эл аралык кызматташуу боюнча немецтик коомдун тарабынан жүргүзүлүүчү «Борбордук Азиядагы кесиптик билим берүү» долбоорунун катышуучулары: Токтоналиев Б. С., Исабеков А. А., Садырова Г. К.

Акыркы жылдары кафедранын мүчөлөрү тарабынан 70 илимий эмгек, 15 усулдук көрсөтмө, иштеп чыгуулар жарык көргөн. Кыргыз Республикасынын ойлоп чыгарууга жана пайдалуу моделине 4 патент алынган.

Учурда кафедранын кызматкерлери төмөндөгү багыттар боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп жатышат:

  1. Токтоналиев Б.С. Айыл чарба өндүрүшүнүн эмгекти көп талап кылуучу процесстерин механикалаштыруу жана автоматташтыруу жана айыл чарба техникасын өнүктүрүүнү болжолдоо жаатында илимий изилдөөлөр менен алектенет.
  2. Калманбетова А.Ш. Тоолуу шарттарда дөңгөлөктүү унаалардын ар кандай механизмдеринин жана системаларынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу жаатында илимий изилдөөлөр менен алектенет.
  3. Садырова Г.К. “Көркөм дискурсундагы баалоочу компонент: семантика жана прагматика” деген темада докторлук диссертациясынын үстүндө иштеп жатат. Илимий консультанты Камбаралиева У.Ж. Филология илимдеринин доктору, профессор.
  4. Карасартов У.Э. “Дан азыктарын кайра иштетүүчү машинанын негизги параметрлерин иштеп чыгуу жана негиздөө” деген темада кандидаттык диссертацияны 2021-ж 24-декабрда жактады. Илимий жетекчиси: техника илимдеринин доктору, профессор Осмонов Ы.Ж.
  5. Жапарова М.А. “Жылкы чарбасынын шартында кымыз даярдоочу орнотмонун параметрлерин негиздөө” деген темада кандидаттык диссертациянын үстүндө иштеп жатат. Илимий жетекчиси: техника илимдеринин доктору, профессор Осмонов Ы.Ж.

Кафедра курамы

ТОКТОНАЛИЕВ БАКЫТ СООТБЕКОВИЧ

Кафедра башчысы, техника илимдеринин кандидаты

e-mail: ulpett@mail.ru

ТЕМИРБЕКОВ ЖЭЭНБЕК

Профессор
e-mail: jeenbek-58@mail.ru
Кеңири...

КАЛМАНБЕТОВА АЙГУЛ ШАКИРОВНА

техника илимдеринин кандидаты, доцент
e-mail: shakirovna-64@mail.ru
Кеңири...

САДЫРОВА ГҮЛЗАТ КАМЧЫБЕКОВНА

доцент, филология илимдеринин кандидаты
e-mail: sgulzat@mail.ru
Кеңири...

ДУЙШЕНОВА ЖАМИЛА ДУЙШЕНОВНА

ага окутуучу
Телефон:0702 258597
Кеңири...

КАРАСАРТОВ УРМАТ ЭРКИНБЕКОВИЧ

техника илимдеринин кандидаты
e-mail: cls.kau.ai@mail.ru
Кеңири...

ИСМАИЛОВА ЖЫЛДЫЗ ТЕЗЕКБАЕВНА

ага окутуучу
e-mail: ismailova_jildiz@mail.ru
Кеңири...

ЖАПАРОВА МАСТУРА АБДИЛЛАЕВНА

окутуучу
e-mail: masturazhaparova@mail.ru
Кеңири...

Мамытов Канатбек Маданбекович

лаборант