Факультет экономики и менеджмента

Кафедранын тарыхы

АЙЫЛ ЧАРБАСЫН ЭЛЕКТРЛЕШТИРҮҮ ЖАНА АВТОМАТТАШТЫРУУ КАФЕДРАСЫ

Кафедранын тарыхы 1972- жылдан  башталат. «Айыл чарбасын механизациялаштыруу» факультетинин «Айыл чарба машиналары» кафедрасынан «Мал чарбасын механизациялаштыруу» кафедрасы болуп бөлүнүп чыккан (1972–1987-жж.). Мал чарба фермаларын жана комплекстерин техникалык камсыздоо бул Кыргыз ССРнин мал чарбасын өнүктүрүү саясатынын багытына ылайык болгон.

Мал чарбасын механизациялаштыруу жана айыл чарбасын электрлештирүү кафедрасы түзүлгөн (1987–1995-жж.).

1995-1998-жылдан баштап Мал чарбасын механизациялаштыруу жана жашоо-тиричилик коопсуздугу  кафедрасы болуп түзүлгөн.

1998–2004-жылга чейин Мал чарбасын механизациялаштыруу жана айыл чарбасын электрлештирүү кафедрасы болуп кайра түзүлгөн.

2004–2017-жылга чейин Айыл чарбасын электрлештирүү жана жашоо тиричилик коопсуздугу кафедрасы болуп түзүлгөн.

2017-жылы кайра Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу кафедрасы болуп түзүлдү.

Кафедранын негиздөөчүсү жана биринчи кафедра башчысы техн.и.к., доцент Еременко В.Н. 1972–1975-жылдары жетектеген.

Андан кийин, кафедраны жетектеген инсандар:

Андан кийин, кафедраны жетектеген инсандар: техн.и.к., доцент Колотев А.А. (1975–1978-жж.),

техн.и.к., доцент Дик В.П. (1978-1988-жж.),

техн.и.к., доцент Андарбеков Ж.А. (1988–1995-жж.),

техн.и.к., доцент Осмонов Ы.Ж. (1995–1998-жж.),

техн.и.к., доцент Андарбеков Ж.А. (1998–2017-жж).

техн.и.к., доцент Караева Н.С. (2017-2022-ж.ж)

Азыркы учурда кафедраны техн.и.к., доценттин м.а. Нарымбетов М.С. жетектеп келет.

Кафедранын илимий-изилдөө иштери жогорку денгээлде жүргүзүлүп келет. Техн.и.д., профессор Ы.Ж. Осмоновдун жетекчилиги астында “Айыл чарбасын механизациялаштыруунун технологиялары жана каражаттары” багыты боюнча түзүлгөн диссертациялык кенеш ийгиликтүү иш алып барууда.

 Профессор Осмонов Ы.Дж. дин жетекчилиги менен кафедрадан көптөгөн кандидаттык иштер жакталды, алар Жусупов У.Т. – 2003жыл, Нариев З.А. – 2005жыл, Касымбеков Р.А. – 2007жыл, Караева Н.С. – 2007жыл, Мурзалиев М.А. – 2014жыл, Токтоналиев Б.С. – 2015жыл, Шабикова Г.А. – 2017жыл, Абдимуратов Ж.А. – 2019жыл, Андаева З.А. – 2021жыл., Нарымбетов М.С. – 2022жылы.

Ойлоп табуучулук боюнча патент жана автордук күбөлүк алууда техн.и.д., профессор Ы.Ж. Осмоновдун салымы чоң.

Кафедранын илимий иштерин 5 докторант жана 4 илимий -изденүүчүлөр алып барышат.

Республикалык илимий-практикалык конференцияларда жана көргөзмөлөрдө кафедранын мүчөлөрү жана студенттери ойлоп табуучулук боюнча бир нече жолу байгелүү орундарга ээ болушту.

Кафедранын мүчөлөрү агрардык өндүрүш комплексинин кызматкерлерине айыл чарбасын механизациялаштыруунун, электрлештирүүнүн жана автоматташтыруунун актуалдуу маселелери боюнча сунуштарды жана практикалык жардам көрсөтүп турушат.

Кафедрада «Электр техникасы жана электроника», «Жарык берүү техникасы жана электрдик технология», «Электр жабдыктарын монтаждоо жана автоматика каражаттары», «Электрдик кыймыл бергичтер жана электр жабдыктары», «Электр машиналары жана аппараттары» боюнча адистештирилген лабораториялар иштейт жана   лабораториялык-практикалык сабактарды сапаттуу өткөрүүгө өбөлгө түзөт.

2020-жылдан баштап эскирген лабораториялык орнотмолорду модернизациялап, заманбап жабдуулар менен алмаштыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Кафедранын мүчөлөрү тарабынан электр техникасы, релелик коргоо жана автоматика боюнча лабораториялык стенддер жана Гелиорнотмо иштелип чыгып, ишке киргизилди. Акыркы беш жыл ичинде 30дан ашык окуу-усулдук көрсөтмөлөр, бир нече лабораториялык стенддер даярдалды. Учурда окуу процесстеринде комьютердик программалар колдонулууда.

Кафедранын бүтүрүүчүлөрү өздөрүнүн билимин андан ары жогорулатуу үчүн “Агроинженерия” багытынын “Электр жабдуулары жана электр технологиялары” профили боюнча магистратурада билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу кафедрасынегизги багыттары: 610300 “Агроинженерия” багытынын «Электр жабдуулары жана электр технологиялары»,  640200 «Электроэнергетика жана электротехника» багытынын «Электр энергиясы менен камсыз кылуу” профилдери боюнча бакалавр адистерин  даярдайт.